Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Чүй райондук кеңешинин XV кезексиз чогулушу.

2001- жыл,6- ноябрь.                                                                                       Токмок шаар.

√°57 чечим.

«Чүй районунун √°31 орто мектебине Жансейтов Асандын ысымын ыйгаруу жөнүндө «Бурана айыл кеңешинин 2001- жылдын 11- май айындагы чечим.

Чүй райондук кеңешинин чечими :

Бурана айыл кеңешинин 2001- жылдын 11- май айындагы » Чүй районундагы √° 31 орто мектепке Жансейтов Асандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү» чечимине макулдук берилсин.

Чүй районунун кеңешинин төрагасы   У.Усубалиев.

 

Өмүр  баян

          Жансейитов Асан 1912- жылы 2- майда Кыргыз Республикасынын Чүй районуна караштуу Бурана сельсоветинде кедей-дыйкан үй-бүлөдө  туулган .1925- жылдан 1930- жылга чейин Бурана айылындагы мектепте араб тилинде окуган.1930-1931 жылдары Токмок шаарындагы татар мектебинде окуган.1931- жылдан 1932- жылга чейин Фрунзе шаарындагы мугалимдерди даярдоо курсунда окуган 1935- жылдан 1940 — жылга чейин Фрунзе шаарындагы педагогикалык училищаны сырттан окуп бүтүргөн.

1932- жылдан 1938- жылга чейин Кегети сельсоветиндеги башталгыч мугалим ,мектеп башчысы болуп иштеген ,1938- жылдан1940- жылга чейин Чүй районуна караштуу бириккен айылдагы башталгыч мектепте мектеп башчысы болуп иштеген.

1940- жылы 19- январда Кызыл аскер катарына кызмат   өтөөгө чакырылган,Улуу Ата мекендик согушка Туркестан аскер округунда аскердик кызматын өтүп жүргөндө чакырылган .1942- жылдан 12- мартында Волоколамский тарабында немец баскынчыларына каршы салгылашууда колунан оор жарат алып,согушка жараксыз болуп жерине кайтып келген.

1942- жылдын 15- августунан 1943- жылдын 27- июнь айына чейин Чүй районунун Сайлык айылындагы жети жылдык мектепте мугалим болуп иштеген .1943- жылдын 27- июнунан баштап 1960- жылдын 1- ноябрына чейин Чүй районундагы Сталин атындагы башталгыч мектепте мектеп башы болуп, ал эми 1960- жылдан 1974- жылдын 26- июль айына чейин ошол эле мектепке мугалим болуп иштеп келген да ,1974- жылы татыктуу пенсияга чыккан.

1938- жылдан тартып Кыргызстан окуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1943- жылы КПССтин катарына мүчө болуп кирген.

Жансейитов Асан окуткан окуучуларынын ичинен бир топ эл тааныган көрүнүктүү адамдар чыккан, көп жылдык, үзүрлүү эмгектенүүсүнүн  негизинде өкмөт менен партия тарабынан бир топ сыйлыктар ,грамоталар, медалдар менен сыйланган.

Жансейитов Асандын 4уул,2кызы жана 50дөн ашык небере- чөбөрөсү бар.

2000- жылдын 4- октябрь күнү 94 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

 

(Жансейитов Аcан 1912-2000.)